Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:00
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мурда 34 миң сом айлык алса, эми 67 миң сом алат. Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

02.08.2022 14:20
3050
Мурда 34 миң сом айлык алса, эми 67 миң сом алат. Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.


Бул чечимдин негизги максаты - өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.


Мамлекет башчысы калктын түрдүү катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатат.


Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Өткөн жылы аскер кызматкерлерине, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы эмгек акы төлөөнүн жаңы деңгээли белгиленген.


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:


Министрликтер


Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 67 749 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196,7%ды түзөт.


Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 098 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 49 012 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232,3% түзөт.


Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)


Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 41 319 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 186,4%ды түзөт.


Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисине учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарыны ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 213,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 35 940 сомду түзөт.


Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 197,3% түзөт.


Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)


Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 38 830 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 220,2%ды түзөт.


Мисалы, аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 14 442,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 32 110 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 222,3%ды түзөт.


Райондук маанидеги шаар мэриялары


Маселен, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16881,3 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 235,7%ды түзөт.


Мисалы, мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13813,2 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 34 708 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 251,3% түзөт.


Айыл өкмөттөрү


Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 33 851 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 209,9% түзөт.


Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акы 27 706 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 210,1% түзөт.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Жаныл
Тазалык зеленхоз до иштегендердин айлыктары качан көтөрүлөт жолдошум зеленхоздо иштейт айлыгы 9мин азыркы кымбатчылыкта даже продуктабызга жетпей калат
Назира
Архив кызматында иштегендер деле адамдар, кыргыз жарандарыбыз чан жутуп кечке аз айлыкка сабыр кылып иштеп келе жатабыз. 100 пайыз которулсо деле аздык кылат башкаларга салыштырмалуу, биздин айлыктарыбызды да которулсо 200%
Саякбаева Айгуль
Мен,ГВЧКда иштейм.12жыл болуп калды,жашым 39дамын.Осмотрщик болуп эмгектенем,биздин эмгек акы 5мин сом.Ушундай кыйын жашоодо ошол 5мин эмнеге жетет?3балам бар,андан тышкаары эжемдин балдарын багып алгамбвз.Аллахыма шугур деп келдим.Эми ,менин суроом .Бизге да айлык акы кошулабы?азыр 5мин алсак,канча кошулат?Урматтуу !Садыр Нуркожоевич биз жакты да(ГВЧК)козомолго алып,айлык акыбысты которуп коюнузду суранам.Рахмат!
Эркулова Акылай
Мамлекеттик кызматкерлерчи милиция, спецназ,булардыкын эмне учун которбойсунор кунду кун дебей,тунду тун дебей графиксиз иштешет,откон жылы которулду деп элге жарыя кылдынар,бирок тескерисинче он процентин кыскартып койдунар 🤔,муну кандай тушунсо болот,же ортодо бироо жеп жатабы,териштирип койунуздарчы, командировочные даже толоп бербейсинер,кээде ай бою дем алышсыз иштешет...
Бакыт сарбаев
Ал эми почтада 2 мин 3 мин алгандар жээ ушундай айлык алгандар кала береби