Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мурдагы Коргоо министри 12 жылга эркинен ажыратылды

10.03.2023 07:21
439
Мурдагы Коргоо министри 12 жылга эркинен ажыратылды

Казакстандын мурдагы Коргоо министри Мурат Бектанов январь окуясына байланыштуу 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.


«Бектанов Кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык аскер сотунун 2023-жылдын 24-февралындагы өкүмү менен Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 451-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылган. Ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги  абакта өтөйт», - деп айтылат билдирүүдө.


Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев январь окуяларынан кийин Бектановду кызматтан алган. 19-февралда ага карата кылмыш иши козголуп кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн