Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев кайрадан депутат болуп келди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында Инвестициялар боюнча мамлекеттик агенттикке директор болуп дайындалган "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Равшан Сабировдун ордуна Мейкинбек Абдалиевди депутат катары каттады.
Абдалиевге депутаттык мандат жана төш белги ыйгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн