Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мурдагы министрдин жубайы сотто сурак берди

05.06.2023 13:05
382
Мурдагы министрдин жубайы сотто сурак берди


Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишин кароону улантууда. Сотко судья Асылбек Эсенбаев төрагалык кылууда.


Сот биринчи күбө, мурдагы министрдин жубайы Зарина Жаналиеваны суракка ала баштады.


Анын айтымында, 2022-жылдын 28-мартында ал үйдө болгон. Ага күйөөсү телефон чалып, эжесинин күйөөсүнө 62 миң 500 доллар которуп берүүнү суранган. Мамлекеттик айыптоочу тараптын суроосуна аял бул акчанын кайдан келгенин жана кандай максатта которулганын билбейм деп жооп берди. Ушуну менен сурак бүттү. Кийинки отурум 16-июнда болот.


Белгилей кетсек, бул иш боюнча жабырлануучу катары таанылган Индиянын жараны Поту Фани бүгүнкү күнгө чейин сотко келе элек. Ал чет өлкөдө.


Эске салсак, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн акча талап кылган. Келтирилген зыяндын орду толтурулгандан кийин мурдагы аткаминер камактан бошотулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн