Ушуну менен Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” чыгармасын экинчи ирет окушум. Алгач бала чагымда “Ала-Тоо” журналынан окусам керек эле. Жашырганда эмне, анда эч нерсени түшүнгөн эмесмин.
Бу саам деле жазуучу бул романында кандай ойду бекем катканын так чечмелей албадым. Мен эле эмес, көпчүлүк окурман ушундай абалда калгандыр...
Генийди гений гана тааныйт, залкарды залкар гана тааныйт. Убагында Чыңгыз Айтматов Жусубалиевге кайрылып, “Кубатбек, сен гениалдуу жазуучусун” деген экен. Ырас, Кубатбек Жусубалиев кыргыз адабиятында өзү гана жооруган табышмактуу стилин, эпикалык жалпак тилин, уникалдуу жазуу формасын тапкан сейрек жазуучу. Жеке “Муздак дубалдарга” токтоло турган болсок, анда кандай ойлор, адамды алай-дүлөйгө салган жандүйнө жаңырыгы катылып жатканын таасын ачып көрүш үчүн Кубатбек Жусубалиевди бала кезинде чоң энеси эркелетип айткандай, “кемакыл” болушубуз абзел. Генийлердин, залкарлардын өзгөлөрдөн өзгөчөлүгү ушу “кемакылдыгындабы” деп да ойлоп кетесиң.
Адам баласы жапырт “кемакыл” боло албайт. Ар ким дүйнөнү ар кыл ракурста көрөт. Ток этери, Жусубалиевдей болуш миллиондун биринин пешенесине жазылса жазылаттыр, жазылбаса жок. Андыктан, ар кимибиз “Муздак дубалдарды” деңгээлибизге, билимибизге, акыл парасатыбызга жараша кабылдайбыз жана чечмелейбиз.
Жалпы жонунан 20 жылга чукул убакытта жаралган чыгармадагы окуялар Кудайды тануу, атеизмдин арааны жүрүп турган учурга туш келет. Адамдар жүрөгүбүздөгү ыйман, абийир, адеп деген түшүнүктөрдү, Жаратканга чын дилден ишенүү, андан чындап коркуу сындуу аруу сезимдерди өчүрүп алдык. Ошон үчүн, чыгармада баяндалгандай, баласы өзүнүн апасын (чыгармадагы башкы каарман Арыковдун чоң апасын) жек көрүп, анын аркасында Арыков атасын өмүрү өткүчө “ата” дей албаган, жөнөкөй гана адамгерчиликтин баардык эрежелери талкаланган кайгылуу көрүнүш пайда болгон. Натыйжада дээрлик ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман, абийир, адептүүлүк өңдүү баалуулуктар эмес, жашоодон адаштырган таштай “муздак дубалдар” бекем орноду.
“Муздак дубалдар” – өзүн өзү таанып, биле албаган, керек болсо, таанып, билүүнү каалабаган, өзүнөн өзү жин ургандай качкан мына бүгүнкү коомдун дагы чагылышы. Азыр бизде Жаратканга табынгандар көп дейбиз. Сүйлөсөк оозубуздан Кудай түшпөйт. Сыртыбыздан гана чыныгы адамдай көрүнөбүз, бирок, тилекке каршы, жүрөгүбүздөгү “муздак дубалдарды” көпчүлүгүбүз урата албай атабыз. Бул адамзаттын трагедиясы чыгар.
Мындай трагедия бүгүн эле, же кечээги Совет доорунда эле жарала калган эмес. Ал Жер каймактагандан тартып, Адам атабыз менен Обо энебиз бейиштен куулган доордон бери пенде баласынын пешенесине өчпөс сыя менен жазылган шор. Ал эми аны кантип өчүрөбүз? Бу шорду биротоло болбосо дагы, кичине бир четин өчүрүүнүн аргасы барбы? Менимче, жазуучу “Муздак дубалдарда” ушундай тумандуу ойдун тегерегинде баш катырган. Анын түйүнү бир Кудайга, анан Жазуучунун өзүнө гана маалым.
Дагы бир ирет кайталасам, биз болгону өзүбүздүн абалыбызга жараша гана чечмелей алабыз. Негизи жүрөгүбүздөгү “муздак дубалдарды” кулатуунун жолу барбы? Ал кандай жол? Жеке менин баамымда, сыртыбыздан гана эмес, ички дүйнөбүз аркылуу чыныгы адамга айланууга мезгил бышып жетилди. Өзүбүздөн өзүбүз качпай, өзүбүздү өзүбүз танбай, өзүбүздү өзүбүз таанып, билели. Ошондо гана Кудайга жакындап, чыныгы АДАМ деген атка татыктуу болобуз.
Мына ушундай учур качан келээр экен? Же “муздак дубалдардын” сапары акыретке чейин уланабы?..
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн