16-сентябрь күнү Америкалык спутник системасы NASA кыргыз-тажик чек арасында өрт орун алганын тастыктаган. Бул тууралуу "Баштан башта" ютуб каналы билдирди.
NASA'нын байкоосу боюнча алгач Баткендеги Ак-Сай айылында өрт чыккан. Ошондой эле Лейлек районундагы Интернационал, Арка, Достук, Максат айылдарында объектилер өрттөнүп жатканы белгилүү болгон.
Ак-Сай жана Ворух анклавынын кесилишинде өрттүн басымдуу бөлүгү кыргыз айылында болгону көрүнүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн