Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

НДПК партиясы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

27.04.2021 09:36
812
НДПК партиясы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы жана БШК тарабынан шайлоодон четтетилген НДПК партиясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. 

Партия кайрылуусунда, Жапаровго партиянын жеңишин кайсы бир күчтөр тартып алууга аракет кылып жатканы айтылган. 


"Айрым аймактарды айтпаганда, дээрлик бардык жерде шайлоо ачык-айкын атаандаштык негизинде өттү. НДПК партиясы бишкектиктердин колдоосуна ээ болуп 14 миңден ашык шайлоочунун добушуна ээ болду. Биз ар дайым өзүбүздүн шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоого даярбыз. 


Бирок айрым саясий күчтөр эмнегедир НДПКнын шаардык парламенттеги ордун алууга аракет кылып жатат. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана БШК айрым бир талапкерди мыйзам бузганы үчүн жазалагандын ордуна бүтүндөй партияны шайлоодон четтетип жатат. Биздин партия АШК жана БШКнын чечимин мурда кабыл алынган чечим деп баалайт. 

Урматтуу Садыр Жапаров, НДПК партиясынын жана анын миңдеген колдоочуларынын тагдырын жеке көзөмөлүңүзгө алышыңызды суранабыз",- деп жазылат кайрылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн