Бүгүн, 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту NEXT TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин баш коргоо чарасын карады.
Ал соттун чечими менен 3-майга чейин камакка алынды.
Бүгүн соттун имаратынын алдына Таалай Дүйшөмбиевдин бошотулушун талап кылгандар чогулушту. Алар журналисттерге, сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.
3-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Next TV телеканалына улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат телеканал Телеграм каналына Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганын билдирген. Экспертиза ал кабар жалган экенин аныктаган.
Ошол эле күнү телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев кармалган.
Кыргызстандагы медиа коомчулук Next TV телеканалына байланыштуу билдирүү таратып, бийликти сөз эркиндигине кысым көрсөтпөөгө чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн