Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

NEXT TV'нын журналисттери УКМКга суракка чакырылды

07.03.2022 12:15
565
NEXT TV'нын журналисттери УКМКга суракка чакырылды

NEXT TV телеканалынын журналисттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.  Бул тууралуу  Равшан Жээнбеков кабарлады.


Анын айтымында, буга чейин эки кызматкер сурак берип чыккан. Калган кызматкерлер бүгүн сурак берет.


Журналисттер саат 9:30да суракка кирген. Тергөөчү Урмат Мусабеков экени айтылды.


Эске салсак, 3-мартта УКМК NEXT TV телеканалына Жазык кодексинин 330-беренеси менен кылмыш иши козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиев менен эфирдик инженери Таалай Бейшембаевди кармап кетишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн