Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Надира Нарматова: Кыргызстан НПО үчүн эксперименталдык аралча болбойт

08.07.2021 09:28
900
Надира Нарматова: Кыргызстан НПО үчүн эксперименталдык аралча болбойт

Мына чындык.Президенттин чечкиндүү кадамдарынын бири. Мамлекетте темирдей тартип, жоопкерчилик болуш керек. Мамлекеттик көзөмөл, ачыктык, айкындуулук болууга тийиш.Көрүнгөн түрдүү долбоорлорду түзүп алып, сырттан каражатты алып келгендер финансалык отчеттун ачыктык, айкындуулугун камсыз кылышат. Жетимге жем таштагансып, жардам беримиш болуп, каалагандай чыры-чуу, ызы-чуу салып, митинг, акция өткөрүп, жарандык коом, укук коргоочу болумуштар иреттелет. Мамлекеттин тынчтыгын бузуп, ички саясатына аралашып,кандай максатта каражат алганын,кайда жумшап,эмне кылганын отчетун бербей жүрүшкөндөр эми көзөмөлдөнөт.

 Буюрса эми бир жылда бир жолу Минюстка келген каражаттары жана жумшаган жактары боюнча,ачыктык,айкындуулук үчүн отчет берип турушат.

Президенттин Европа мамлекеттеринин элчилерине берилген суроосу учурдун талабы. 

Кыргыз элинин көксөөсүндөгү,жүрөк өйүткөн көйгөйлөргө жооп алып берди.

Бул деген Америка,Англия,Финляндия ж.б. мамлекеттеринде НПО,НКОлор боюнча тартип,жоопкерчилик,ачыктык,айкындык  болуш керек экен. Кыргыз мамлекети Батышчыл НПО,НКОлордун ЭКСПЕРИМЕНТ ӨТКӨРҮҮЧҮ АРАЛЧАСЫ болуш керек,- деген түшүнүк экендигин далилдеди.Кыргызстанда НПОлордун сырттанан келген каражаттарын,көзөмөлдөсө болбойт экен.

Ой уятсыздар 9,10 жылдан бери эл аралык уюмдар,НПОлор,укук коргоочумун дегендер,Европа мамлекетинин элчилери,Бүткүл Дүйнөлүк банк,ОБСЕ,ООНдор менен күрөшүп келдик.

Буюрса мыйзам кабыл алынды,Президент кол койду. Мыйзам күчүнө кирди. НПОбуз ,бейөкмөтпүз деген ,укук коргоочулар,түрдүү фонддор,түрдүү багыттагы диний агымдар,секталар Кыргыз мамлекетинин мыйзамы менен жашаганга милдеттүү экениңерди сезгиле.

Президентибиз акырындап эл талабын мыйзам жолу менен иреттеп жатканына карапайым эл кубанычта. 

Тынчтык жолу менен алдыга карай өнүгөлү. Митинг,жөө жүрүш,кет- кет менен чыры- чуу болуп жатып калдык.

Болот экенго,мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү кадамдарга барса. Экономика,өнүгүү,ишкердик,бизнес,акча,

инвестиция тынчтыкты сүйөт. 

Мамлекетте тынчтык тартип,жоопкерчилик болсо инвестиция келет.


Кумтөрдөн кийинки негизги көйгөйлүү маселе чечилди. 

Мурунку үч бийликте НПОлор жөнүндө мыйзам сырткы күчтөрдүн таасири менен,кетенчиктеп,жалтактап кийинкиге калтырылып келген.

Эң туура кадам.Президент Садыр Жапаровго карапайым элдин атынан ыраазычылык. Эл сиз менен.

Элибизде гей,лезбиянка,жылаңачтарды даңазалап,улуттук баалууулуктарды,нарк насилди тебелегендерге ,тынчтыкты бузуп,30 жылдан бери тынбай өүгүүгө тоскоолдук кылып келген күчтөр эсиңерге келгиле.

Буюрса мыйзам менен тескелет.

ачыктык,айкындуулук,көзөмөл,талап,

тартип болот.

Мындан ары силер үчүн КЫРГЫЗСТАН ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК АРАЛЧА БОЛБОЙТ.


Надира Нарматова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн