Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Надира Нарматова: Пейил бузулуп, адамдар жалаң негативдерди көрүп калды

17.07.2021 11:16
2431
Надира Нарматова: Пейил бузулуп, адамдар жалаң негативдерди көрүп калды

Жакшыны, жаман дейбиз, жаманды жакшы дейбиз. Ууруну туура дейбиз.Туура сүйлөгөнгө ишенбейбиз. Ыраазы болгон адам жок. Курсак ток, үстү бүтүн болуп, турса да, тынчтыкты ойлогусу келишпейт. Кембагал жашагандар сабырдуулук менен тынч жашап жатышат . 


Курсагы ток, үстү бүтүн, бардар жашагандар тынч отурбай, тынчтыкты бузуп, интернетти булгагандар, көчө кыйкырыкты уюштургандар болуп жатат. Таң каласын, буларга эмне жетпейт.


Бардардыктан элге тынчтык бербей келишет.Эч нерсе жакпайт.Иштегиси келбейт.Жеңил оокатка көнүп, кылаарга иш таппай, ушак менен алектенишип, бийликти пайлап, негатив издеген адамдар толуп кетти.Куру сүйлөп, албуутанып, урушканга даярданып, агрессивдүү болуп, пейил бузулду.


Жөн эле ар жерге барып, бакырып, өкүрүп, тополоң кылышып, жиндилик кылышат. Соткасына тарта коюп, соцтармактарга жүктөп жаман үйрөнүштү. Жок жерден жаманатты кылган фактылар толтура. Тополоң кылып, видеого тартып, интернетке коюп койсо, аныктап, тактабай туруп, себебин изилдебей, "Интернетке материал чыкты"- деп, текшеримиш болушуп, ызы-чууну токтотуш үчүн чара көрүмүш болуп, канча кадрлардын тагдыры талкаланып жатат.


Бакырсам, маскара кылсам, асылсам, ишим бүтөт деген пикирде чыры-чуу кылган блогер сөрөйлөр көбөйдү.

Ушундай уяты жоктордун, бакырчаактардын кесепети элге тийип жатат.

Пейилге жараша Алланын сыноосуна түшүп, табыйгаттын кырсыктары жер,жерлерде болуп жатат.

Жер көчкү, сел жүрүү апааттардын болушу, күндө жолдо болуп жаткан автокырсыктар, адамдардын бөөдө өлүмдөрү, пандемия жөнөкөй нерсе эмес.

Сабырдуулук жок болуп баратат.

Тынч жашоону өзүбүз чырга айлантып жатабыз.

Кечке жамандык издебей, ар бирибиз жакшылыкка ниет кылсак болот эле.

Биротоло жан дүйнөбүз, жаман ой жүгүртүүгө ыкталып калыптыр.


Бир бирин көрө албайт. Бийлик башында турган кишилерди,жетекчилерди, улууну сыйлаш деген жок. Бийликти иштете койбой, же иштегенин баалабай, майда, чүйдө нерселер менен ызы-чуу салып көчөгө чыгышат. Бардык нерсе пейилге жараша болуп жатканын ойлоп коюшпайт. Баары өзүнө кыйын. Эч ким жакпайт...


Айбыгып, тартыныш деген жок. Жаштар болсо жулкунат. Жетекчиликтин баркы кетти. Жетекчиге баш ийип, угуп, сабыр-канаат кылып, колдойлу деген ниет жок. Жамандатып койсо, жыргап калышат. Жакшы деп койгонду кошоматчы деп талап чыгышат.


 Ушунун баары бейбаштык.


Темирдей тартиптин жоктугунан баш аламан болуп баратканы өкүнүчтүү.


Мамлекеттик ишканалар менен мамлекет түзүлөт. Мамлекеттик кызматтардын жетекчилигинин да баркы кетти. Акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй бейбаштык өсүп, чектен ашты. Ушунун баары демократиянын, сөз эркиндигинин түшүмү. Каалаганы барып тебелеп, тепсеп кетет. Мамлекеттик кызматкерлерди коргогон жан болбой, тескерисинче элге салып берип коюлуп жатканы жакшы эмес. 


Темирдей тартип орнош керек.

Жан дүйнөбүздү тазалайлы!

Ниетти түздөп, пейилди оңдоп, жашообуздун баркын билели!

Кудайга шүгүр акырындап жылыштар болуп жатат. Көргүбүз уккубуз келбейт.

Ниеттин түз эместиги. Пейилдин бузулгандыгы. Бийликти күнөөлөбөй, өзүбүздү оңдойлу.

Ден соолуктун бардыгына шүгүр кылалы!

Тооба келтиргиле.


Надира Нарматова

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ен туура соз