Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова "сүйүнчү пулдун" көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, мындай кадам аялдарга көп бала төрөшүнө түрткү берет.
"Бирөө, эгиз жана үч эм төрөгөн аял бирдей эле кыйналат. Ошондуктан "сүйүнчү пулдун" өлчөмүн 50 миң сомго көтөрсөк аялдарга түрткү болот беле деп ойлойм.
Бул болсо элибиздин санынын көбөйүшүнө оң таасирин тийгизет",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн