Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Азаттык", "Клооп" жана "Кактус.медиа" агенттиктеринин жабылышын талап кылып депутаттардан кол топтоодо. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Надира Нарматова президентке кат менен кайрылып, анда "Азаттык", "Клооп" жана "Кактус.медиа" агенттигинин жабылышын талап кылыптыр. Катка депутаттардын кол коюусун суранып жатат",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн