Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал турак жай коммуналдык чарба кызматы боюнча вице-мэр болгон Алмаз Бакетаевдин ордуна келди. Ал эми башка вице-мэр Алимбек Абдылдаев мэрдин кеңешчиси болду.
Тиешелүү буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн