Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:12
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нарын, Талас аэропортторун асфальттоо иштери жүрүп жатат, - министр

20.07.2023 13:32
478
Нарын, Талас аэропортторун асфальттоо иштери жүрүп жатат, - министр


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ички аэропортторун пайдаланууга берүү максатында аэропорттордун учуп-конуу тилкелерин жана перрондорун асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 2023-жылдын 20-июлунда транспорт министри Тилек Текебаев 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.


Аянты 122 миң чарчы метр болгон Нарын аэропортунда 6 миң чарчы метр учуп-конуу тилкелерин асфальттоо, Талас аэропортунда жалпы аянты 100 миң чарчы метрдин 70 миң чарчы метр аянтын асфальттоо иштери аяктады.


Жалал-Абад шаарынын аэропортунда 6 айдын жыйынтыгы боюнча 7600 чарчы метр асфальт толугу менен бүткөрүлүп, төшөлдү.


Министр Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелге да токтолду. «Быйылкы жылы тоннелди оңдоо иштери башталып, учурда жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылып, 10-августка чейин тоннел толугу менен асфальтталат деп күтүлүүдө», - деди Т.Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн