Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:31
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100%га көтөрүлдү (видео)

24.11.2022 09:46
810
Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100%га көтөрүлдү (видео)

Нарын облусундагы Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу облустук телеканал кабарлады.


Маалым болгондой, быйыл айыл чарба министрлиги үчүн 14 миллиард сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиарды суу чарбасына керектелген.

Ал эми Нарын суу чарба башкармалыгы үчүн 100 миллион сом каралган.

Мындан улам каналдарды тазалоо, жаңы каналдарды куруп, кайрак жерлерди сугат суу менен камсыздоо пландагыдай ишке ашып жатат.


Ошондой эле бөлүнгөн каражаттын эсебинен суу чарба башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлгөн.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн