Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-март күнү Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу бала түшүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 28 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, саат 19:05те издөө иштери токтотулду. Натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 11-март күнү издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн