Жалган курандын 04, 2024
Убакыт: 05:04
USD
89.30
89.72
EUR
96.60
97.60
RUB
0.965
0.990

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Өкмөт чындап туризмди өнүктүргүсү келсе, алгач мыйзам кабыл алдырсын”

06.12.2023 10:56
670
Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Өкмөт чындап туризмди өнүктүргүсү келсе, алгач мыйзам кабыл алдырсын”


- Нарынбек агай, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө кандай сунуштарыңыз бар? Эмнеге бизде бул тармак анчалык өнүгө албай жатат?


- Туризм – түтүнү жок завод. Тагыраагы, эч бир зыяны жок, мамлекетке, элибизге өзү эле акча түшүрө бере турган тармак. Акаевдин учурунда “Кыргызстанды экинчи Швейцария кылабыз” дешчү. Тилекке каршы, ал кыял орундалбай калды.


Негизи туризм аэропорттон башталат. Чек арачылар, бажычылар сырттан келген кишилерди тосуп алганына жараша болот. Ошондой эле жолго чыкканда МАИлердин, милициялардын туристтерге жасаган мамилеси да алардын мындан ары келер-келбесине таасирин тийгизет. Тагыраагы, Кыргызстандын аты ушул жагынан да чыгат. “Документиңди көрсөт” деп кыйнап, эптеп эле акча алып калууга аракет жасашса, бир келген турист экинчи ирет келбейт. 


Жылына Кыргызстанга бери дегенде 3 миллион турист келет. Ошолор жүз эле доллардан жатаканага же тамак ичкенге калтырса, бюджетке эмес, элге 300 миллион доллар келет. Эгерде 300 доллардан калтырса, бир миллиард доллардын пайдасын кыргыз эли көрөт. Ошон үчүн бул тармакты өнүктүрүп, шарт түзүш керек. Чынында туризмди өкмөт эмес, бизнесмендер өнүктүрүшөт. 


Соң-Көлдө, Ысык-Көлдө, Кыргызстандын туристтик зоналары бар жерлеринде чет элдиктерди жөнөкөй эле элдер тосуп алышып, коноктоп жатышкан болот. Өкмөт чындап туризмди өнүктүрүүнү максат кылса, алгач мыйзам кабыл алдырышы керек. 


- Кандай мыйзам кабыл алышы керек? 


- Туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жогорулаткан мыйзам кабыл алынышы зарыл. Анткени, Кыргызстандагы туристтик компаниялар мамлекетке пайда эмес, зыян алып келген учурлары көп. Ошон үчүн алар алып келген эс алуучулардын коопсуздугуна, ден соолугуна – баарына жооп бере турган шарт болушу керек. Антпесек, туризмдин пайдасын көрбөйбүз. Мисалы, Комиссаровду айталы. Ал альпинисттерди “бизде мындай бийик чокулар бар” деп чакырат. Кээде ошол чет элдиктер карга көмүлүп калышат же жоголуп кетишет. Аны ӨКМдин тик учагы издейт. Альпинисттерди издегени чыккан тик учактын күйүүчү майына жана убактысына эч ким акча төлөбөйт. Ошон үчүн туризм боюнча мыйзам жазып, келген чет элдиктердин коопсуздугуна жооп бере турган кылышыбыз керек. Тилекке каршы, айрым адамдар 20 жылдан бери туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жогорулаткан мыйзамды кабыл алдырбай жатышат. Учурунда Турусбек Мамашов да ушул мыйзамды кабыл алдырууга абдан аракет кылган, бирок кабыл алдырбай коюшкан. Ахматбек Келдибеков спикер кезинде ушундай мыйзамды өткөрүүгө аракет кылды эле, бирок ишке ашкан эмес. Мен да 10 жыл депутат болуп, туристтик компаниялардын жоопкерчилигин жогорулаткан мыйзамды өткөртө албай койгом. Ошон үчүн өкмөт буга жардам берип, Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошушу керек. Андан соң башкасы акырындык менен жолго түшмөк.


- Кышкы туризмди өнүктүрсөк, Кыргызстанга туристтер көп келеби? 


- Туристтерди кышында тарта турган биздин тоолорубуз. Караколдогу лыжа базага жаңы жылда барыш үчүн бир жыл мурун кезекке турушат. Талап чоң болгон үчүн дагы үч база курганы жатышат. Негизи ушундай эс алуучу жайларды Кыргызстандын баардык аймагынан ачсак кана? Мекенибиздин кооз жаратылышы суктанарлык, кышкы туризмди өнүктүрүүгө инфраструктураны жакшыртып, шарт түзүшүбүз керек. Биз кар басып турган жерлерибизди туура пайдалана албай жатабыз. Өкмөт бизнесмендерге шарт түзүп берсе, Франция, Швейцариядагыдай сонун лыжа базаларын Кыргызстанда дагы курса болот. 


- Азыр салык саясаты татаалдашып баратпайбы. Чет өлкөдөн турист алып келген компаниялар дагы салык төлөшөбү?


- Сырттан турист алып келген компаниялар эч бир салык төлөшпөйт. Анткени, алардын канча киши алып келгенин эч ким билбейт. Аны эсепке алганга мамлекетте мүмкүнчүлүк да жок. Ошону көзөмөлгө алса, бюджетке абдан чоң пайда түшмөк. Казакстандын лыжа базаларынан да сонун кылып кура турган жерлерибиз бар. Ошолорду туура пайдалансак, мамлекетке да пайда түшүп, элибизге да жакшы болмок. Анан туристтерге шарт түзүүнү да колго алып, аларга карата мамилени өзгөртүшүбүз керек. Ар бир туристти баарыбыз, бажычы, чек арачы, МАИ, милиция жана карапайым элден бери чын дил менен тосуп алганды үйрөнсөк, Кыргызстан өнүгүүгө багыт алмак. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн