Нарында эки жеңил унаа кагылышып, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой,19-сентябрь күнү саат 14:45 чамасында Кочкор району, Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымда (Кызарт ашуусу) KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 7 жаран ар кандай жаракат алган.
Жерине №42 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн