Нарын шаарында батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн 54-батиринин бекилип калган эшигин ачып берүү боюнча маалымат алышкан.
Эшикти ачууда батирдин ичинен 1971-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
2 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн