Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Нарында катуу шамалдан 7 айыл өкмөт жабыр тартты (фото)

09.04.2020 18:29
1266
Нарында катуу шамалдан 7 айыл өкмөт жабыр тартты (фото)


Нарын облусунун Ат-Башы районунда катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.   


Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү саат 20:00дөн 23:50лөргө чейин  Нарын облусунун аймагында катуу шамал катталган. Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-25 метрге чейин жетип, калктуу конуштардагы турак жайлардын, чарбалык курулуштардын жана административдик имараттардын чатырларын учуруп, зыян келтирген.


Катуу шамалдан кийин 9-апрель күнү 7 айыл өкмөттө тактоо иштери жүрүп, саат 17:00гө карата алдын ала маалымат боюнча 18 турак-жайдын 394 чарчы метр чатыры, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатыр жабуусу жараксыз абалга келгендиги маалым болгон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн