Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарында сел жүрүп, бир нече үйгө суу кирген

Нарында сел жүрүп, бир нече үйгө суу кирген



13-июнь күнү саат 17.45 чамаларында жаап өткөн нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Нарын шаарынын түштүк тарабындагы тоолордон келген сел-кыян суулары Нарын шаарынын РТС аймагындагы Жетиген, Ак-Шоола, Ак-Тилек, Ак-Жол, Сулайманов, Казиев, Молдоев, Бактыгул, Сүрөт-Булак, Мазар-Булак көчөлөрүндөгү болжолду 40-50 турак жайлардын ичине жана короолоруна кыян сел суулары кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.


Ошондой эле шаардын борборундагы С.Орозбак, Шаадыманов, Таалай көчөлөрүндө 6 турак жайларды жааган жаандын кесепетинен чогулган сел суулары турак жайдын ичине жана короо жайларын каптап, Көтөрмө аймагындагы 1 мечит, 1 турак жайдын короосун кирип, зыянга учуратты.

 Такталган маалыматтарга ылайык болжолдуу 58 турак-жайларды, чарбалык курулуштарын сел суулар каптаган. 


Аймактарда түзүлгөн кырдаалды жеринен аныктоо жана тиешелүү иш чараларды жүргүзүү максатында, Нарын облустук Жарандык коргонуу башчысы — КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.А.Ашимбаев жетектеген облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын курамы жана Нарын шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте иш алып барууда. Сел агын сууларынан жабыр тарткан жараандардын кайрылуусунун негизинде саат 18.15де Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №16 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамына “Айгай” жарыяланып, 12 турак үйдүн жер төлөсүнө кирген сел сууларын жана 15 турак жайдын короолорунун ичиндеги сууларды 3 мотопомпанын, күрөктөрдүн, куткаруу кызматынын 35 адамдан турган куткаруучулардын жардамы менен суулар сыртка чыгарылды. 


Мындан сырткары “Нарын суу канал” ишканасынан 1 ассенизатор, 1 даана экскаватор, жеке ишкердин 1 даана түрткүч трактору тартылып, РТС участкасындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, сел өткөрүүчү каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.


Нарын шаарынын аймагында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен үй-жайсыз калган жана жабыркаган жарандар аныкталган жок. 


Ошондой эле Кочкор районунун Сары-Булак-Арчалы унаа жолунун 16-чакырымында кыян суулары түшүп, унаа каттамга ыңгайсыздыктарды жараткан. Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук жол тейлөө мекемесинин 1 жүктөгүч, 1 даана түрттүргүч инженердик автоунаа күч-каражаттары ишке тартылып, кыян сууларынын каптоосунун кесепеттери жоюлду.


Жол каттамы бир тараптуу ачык. Эки тараптуу жол каттамын камсыздоо багытында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн