Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нарында жеңил унаа дарыяга кулап, 1 адам каза болду

Нарында жеңил унаа дарыяга кулап, 1 адам каза болду

Нарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-майда Кочкор районунун Өрүктам – Сары-Булак унаа жолунун 12-чакырымында Volkswagen Passat B3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып, Кара-Кужур суусуна түшүп кеткен.


Жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.


Кырсыктын кесепетинен 3 эркек 1982-жылы туулган Т.З, 1966-жылы туулган Т.М жана 1967-жылы туулган А.А аттуу жарандар жеңил жаракат алып, 1964-жылы туулган эркек Т.Т. каза болгон.


Куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдардын абалы канаттандыраарлык.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн