Нарында жеңил унаа оодарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Ат-Башы району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында “Ford Mondeo” унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши 1986-жылы туулган Ү.Б. каза болуп, 2 эркек киши 1985-жылы туулган Т.Т., 1986-жылы туулган И.А. ар кандай жаракат алышкан.
Жерине №45 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн