Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Нарындагы милиционерлер Карылар күнүнө карата ардагерлерди куттукташты

02.10.2020 11:14
1245
Нарындагы милиционерлер Карылар күнүнө карата ардагерлерди куттукташты


1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата Нарын жана Ак-Талаа районунун ички иштер бөлүмдөрү ардагерлерди куттукташты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Нарын РИИБдин башчысы Б.Токтакунов ардактуу эс алууда жүргөн  ардагери менен жолугуп, куттуктоо сөздөрүн айтып, акчалай сыйлыкты тапшырды.


Ардагерлердин милициянын жаш муунун тарбиялоодо салымы чоң. Сиздердин ички иштер органдарындагы басып өткөн жолуңар, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти камсыздоододогу ордуңар биз үчүн үлгү. Майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Балдырыңыздын төрүндө ар дайым аман болуп, сый-урматта жүрө беришиңизге тилектешпиз”, - деди РИИБдин башчысы. 


Ошондой эле, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дагы өз ардагерлерин куттукташты. Ал эми, Ак-Талаа РИИБдин башчысы Ж.Талипов иш бөлмөсүндө алар менен жолугуп, майрамы менен куттуктап, ардагерлердин  ички иштер органдарындагы орду чоң экендигин баса белгиледи. Андан соң, ардагерлер менен жолугушуу учурунда аларга сый тамак уюштурулуп, акчалай сыйлык тапшырылды. 


Ушуга эле катар, Кочкор РИИБ дагы майрамга карата ардагерлерден кабар алып,  азык-түлүк тапшырышты. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн