Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Нарындан Ысык-Көлгө. ИИМде жетекчи кызматкерлер ротацияланды

20.02.2023 12:47
313
Нарындан Ысык-Көлгө. ИИМде жетекчи кызматкерлер ротацияланды

Коллегиянын чечимдерине ылайык ички иштер органдырынын жетекчилик курамдары ротация болууда. 


ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей,  кызматтарды чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашырабыз.

Өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Талантбек Кадыров Нарын ШИИБнын начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.


Ошондой эле, милициянын полковниги Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги кызматына, милициянын подполковниги Тынчтык Аалиев Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Нарын облусунун Нарын ШИИБдин начальниги кызматына, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.


Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууго, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн