Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Нарындыктар «Ат-Башы соода-логикалык борборунун» курулушуна кызыкдар

23.01.2020 18:02
694
Нарындыктар «Ат-Башы соода-логикалык борборунун» курулушуна кызыкдар

Вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Нарын облусунун жашоочулары өкмөттөн долбоорду ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратпоону суранып жатышканын билдирди.

Алардын айтымында, «Нарын» эркин экономикалык аймагы түзүлгөнүнө дээрлик 30 жыл болду жана бул мезгил аралыгында бир дагы ири долбоор ишке ашырылган эмес. Облуста агрардык чарбалар, өнөр жай дээрлик жок, жумушсуздуктун деңгээли аймакта жогору. Жаштар жумуш издеп туулган жеринен кетүүгө мажбур болушууда. Буга байланыштуу облустун тургундары бийлик «жер чет элдиктерге сатылууда» делген чагымчыл сөздөрдү жайылтып, жашоочуларды каршылык акцияларына чыгарууга жана өздөрүнүн конъюнктуралык максаттарын чечүүгө ниеттенгендерге алдырбаш керек деп эсептешет.

«Долбоор боюнча бардык иштер белгиленген планга ылайык жүрүүдө. Учурда электр подстанциясынын курулушунун долбоору макулдашуу процедурасынан өтүп жатат, жазында колдонууга берилет деген ишенимдемин. Күн жылыганда биринчи объекттердин курулушу башталат. Ошол эле учурда Ат-Башы районунун тургундарынын арасында жумушчуларды тандоо тууралуу жарыяланды», - деди вице-премьер-министр.

Ал белгилегендей бүгүнкү күндө индустриалдык-соода-логистикалык борборунда иштөөнү каалаган жарандарды тандоо тууралуу жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн