Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:07
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Нарындын төрөт бөлүмүнөн чыгып кеткен келиндер боюнча кылмыш иши козголду

28.05.2020 18:22
918
Нарындын төрөт бөлүмүнөн чыгып кеткен келиндер боюнча кылмыш иши козголду


Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн чыгып кеткен келиндер боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурлауу Нарын ОИИБ башчысы Сапар Аманкулов билдирди.


Маалыматка ылайык, облустук бириккен ооруканасында төрөт бөлүмүнүн эшигинин кулпусун талкалап чыгып кеткен 22 аял боюнча 180-беренесинин негизинде эки кылмыш иши козголду.


Анын айтымында, учурда төрөт бөлүмүндө коронавирус кандайча жайылып кеткендиги боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ким күнөөлүү болсо мыйзам чегинде жазаланат. Ал эми төрөт бөлүмүнө бараткан жолдо пост болгон. Аялдар ошол жерде турган милиция кызматкерлерине баш ийбей чыгып кеткендиктен, ыкчам бөлүккө маалымат берилген. Натыйжада блокпосттор дароо жабылып, Ат-Башыга кеткендер гана чыгып, калганы ооруканага өздөрү кайтып келишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн