Нарын облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, бешөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунда 1-июнда саат 00:13тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Мерседес-Бенц S211” жана "Тайота Хайландер” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болгон. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн