Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 04:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Назира Саалиева: “Эрнис “Мастер менен Маргарита” романын эки айда которгон”

Назира Саалиева: “Эрнис “Мастер менен Маргарита” романын эки айда которгон”


Орус жазуучусу Михаил Булгаковдун “Мастер и Маргарита” романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Мындай мыкты чыгарманы которгон белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулу (Эшимканов). Тилекке каршы, бул котормосун агабыз өзү көрбөй кетти. Маркумдун жубайы журналист Назира Саалиева менен маек курдук. 


- Назира эже, Эрнис байкенин артында калган чыгармаларын көз жаздымда калтырбай четинен чыгарып келатасыз. Мына, жакында эле “Мастер менен Маргарита” романынын котормосу жарык көрдү. Ага канча деген эмгек кетти?..


- Булгаковдун бул уникалдуу да, чуулгандуу да чыгармасынын кыргыз тилинде жарык көрүү жолу татаал болгону ырас. Багы быйыл ачылды. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, улуттук жазуучулар союзу биргеликте 50 китеп чыгарышты. Ошол 50 китептин арасында дал ушул китеп бар. “Пенденин оозунда эмне болсо, Кудайдын кулагында” деп бекер айтылбаптыр. “Эрнистин бул котормосу керек болсо ар бир китепканадан орун алыш керек. Себеби Орто Азия боюнча биринчи жолу чыгып жатат, бул Кыргызстан үчүн сыймык” деп убада кылган демөөрчүлөр баш тартып койгон сайын канча сыздап ыйладым... Оозума сала бергенсип, Кудай буюрса, республикадагы ар бир китепканадан орун ала турган болду. Дегеним, мамлекет чыгарып берген китептин баардык нускасы колго тийбейт экен, ченелүү гана берилип, калганы китепканаларга таратылат. Ошентип, бул классика чыгарманын убакыт-сааты быйыл ачылды. “Мен орусчасын окугам. Киносун да көргөм. Кыргызчасын окугум келип жатат” деп кууп жүрүп китеп алышууда. Эң жаш окурман Бектур деген жигит болду. Ушунчалык билимдүү бала экен. Ал Эрнистин чыгармалары менен тааныштыгын, баалагандыгын айтса, аябай кубандым. Китеп окууга кызыкканына баа бердим. Учурда Россияда жашап, Москвада Россиянын элдер достугу университетинде (РУДН) Гравитация жана космология институтунда эмгектенген, англис тилинде эркин сүйлөгөн, дүйнөлүк адабиятты казып окуп, которуп келаткан Кубантай Эрназаров да кайрылып, “Эрнис ага сейрек талант болчу. Жанынан көрбөсөм да сыртынан таанычумун. Агамдын котормосунан бир китеп алып коюңуз” деп жазса, абдан кубандым. Дүйнөлүк адабиятты казып окуган кесиптешибиз Санжи Туйтунова китепти ортолоп калганын, Эрнис артына өлбөс из калтырып кеткенин, жакшы которгонун айтса, дүйнөлүк акын-жазуучулардын, классиктердин чыгармаларын которуп келаткан дагы бир кесиптешибиз, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотов “Булгаковдун түп нускасын окугандай эле окуяны ээрчип кетип баратам. Демек, котормо негизги максатына жеткен, ал эми кыргыздын адабий казынасы үчүн чоң эмгек жасалган” деп жазса, жетине албай кубандым. Эрнистин Бишкек шаарындагы классташ досу, врач Эмил Өмүралиев дагы Булгаковдун шедевр чыгармасы дал өзүндөй которулганын айтты... 


- Азырынча сын-пикирлер айтыла элекпи? Негизи Булгаковдун бул чыгармасы татаал турмушту чагылдырса керек... 


- Албетте, чыгарма жазылганда, же которулганда, сөзсүз адабий сын деген бар да, айтылат, жазылат. Айтарым, чыгарманын алгач орусчасын окуп, жок дегенде киносун көрүп, анан кыргыз тилиндегисин окуш керек. Себеби, бул романдын мазмуну өтө оор, татаал, анын түпкүлүгүн түшүнүү да кыйла кыйын. Бирок, түшүнгөн кишиге бул китепте жакшы менен жамандын баардык тарабы камтылган: ак-кара, чындык-калп, Кудай-шайтан, жолдон адашуу, пендечилик, ойноштук, ачкөздүк, паракорлук, уурулук, киши өлтүрүү… Кыскасы, М.Булгаков ар заманда болуп келген окуяларды, көрүнүштөрдү башкача өңүттө чагылдырып бере алган да. Роман журнал бетине чыккандан кызыгууну жаратып, океандын аржак-бержагында бир топ тилге которулган. Окурман булгаковчулар жана булгаков таануучулардын эсептөөлөрү боюнча, журнал бетине чыккандан алгач китеп болуп басылган убакыт (1966-1973) аралыгында эле англис (эки жолу), болгар, венгер, голланд, грузин, иврит, испан, италия (эки жолу), македония, немис (эки жолу), норвег, поляк, португал, серб, словен, түрк, финн, француз, хорват, чех, швед, эстон жана япон сындуу 26 тилге которулган. Булгаковдун бул чыгармасы бүгүнкү күндө да көп тилге которулган жана көп окулган чыгармалардын катарына кирет. Анан Орто Азияда роман алгачкы жолу которулуп отурат. Аны жолдошум Эрнис бул романга көз майын коротуп, жүрөгүн казык кылып сайып, ар бир сөзүн таразалап, ар бир сөзүндө жашап, эки айда эле которду. Мукабасын да өзү жасады. Менин көз алдымда 9 китеп которду. Ушундай мыкты эмгектерин кантип жарыкка чыгарбай коём?  

Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн