Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

«Нелегал-Кордон» рейдинин жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталды

24.10.2022 16:21
717
«Нелегал-Кордон» рейдинин жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталды



ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Чечими менен бекитилген «Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин иш-чаралар планына» ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ички иштер органдары тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Алсак, өлкө аймагында ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан 2022-жылдын 10-октябрынан 17-октябрына чейин «Нелегал-Кордон» комплекстүү ыкчам издөө иш-чаралары өткөрүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча аймактык иш-чараларды өткөрүү планына ылайык, республиканын ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамынын чөйрөсү боюнча жалпысынан 296 укук бузуулар аныкталган;

 - чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу-168; 

- Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу – 12;

- Кыргыз Республикасына аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу-93, анда 77 юридикалык жактарга, 16 жаранга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн; 

-чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу-19;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү уруксаты жок жана уруксатта көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен жүргүзүү-3, анда 2 юридикалык жактарга, 1 жаранга укук бузуулар жөнундө протоколдор түзүлгөн;

- Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 1 факты катталган;

- Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 1 660 000 сомду түзгөн айып пул салынган.


Андан сырткары, бул операциянын жүрүшүндө башка укук бузуулар дагы аныкталган. Анын ичинде, 1 ок атуучу курал алынып, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча фактылар жана баңгикылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 кг.40 грамм «марихуана» баңгизаты алынган. Эл аралык издөөдө жүргөн 3 жаран кармалган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн