Теке 21, 2025
Убакыт: 18:11
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Netflix`тин колдоосу менен Кыргызстан тууралуу даректүү сериал тартылды

21.07.2025 11:47
16
Netflix`тин колдоосу менен Кыргызстан тууралуу даректүү сериал тартылды


Netflix эл аралык стриминг платформасында Кыргызстанда тартылган Off Road аттуу даректүү сериал жарык көрдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Faraway Road Productions продюсердик компаниясы тарабынан тартылган бул долбоор Netflix’тин колдоосу менен ишке ашкан.


Сериалды тартуу иштери Экономика министрлиги, Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фондунун тыгыз кызматташтыгы аркылуу ишке ашып, алар Кыргызстандын аймагындагы тартууларга өнөктөш болду.


Сериал Бишкектен тартып, Ысык-Көл, Каракол жана башка кооз аймактарга чейин созулган кызыктуу автосаякатты камтыйт. Алты эпизоддон турган бул чыгарма көрүүчүлөрдү Кыргызстандын табияты, жашоо-турмушу, маданияты жана меймандостугу менен тааныштырат.


"Off Road" сериалынан улам дүйнөнүн төрт бурчунан миллиондогон адамдар Кыргызстандын табиятындагы кооздуктар жана элибиздин салттуу меймандостугу тууралуу тааныша алышат деп абдан кубанып турабыз. 

Кыргызстанды тартуу жайы катары тандап алган продюсердик компанияга жана Netflix платформасына терең ыраазычылык билдиребиз. Кийинки жылы да өлкөнүн туристтик потенциалын даңазалаган бир нече фильм жана сериалдардын Netflix жана башка дүйнөлүк платформаларда чыгуусу күтүлүүдө", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.


Белгиленгендей, сериал көрүү менен эле чектелбестен, саякатка шыктандыруучу чакырык. Кыргызстан бул жолу кадрдын четинде эмес, окуянын башкы каарманына айланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн