Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Никеге туруп, жарандык алууну көздөгөн. Чет элдик жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалды

31.01.2022 11:36
646
Никеге туруп, жарандык алууну көздөгөн. Чет элдик жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жаран “М.Д.А.” кармалды.


Кармалган “М.Д.А.” өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.


Кармалган чет элдик жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн