Ныязбек Ирашевич Арзыбаев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайлангандан кийин орду бош калган.
Анын ордун тизмедеги кийинки талапкер Максат Чунуев ээлемек. Бирок ал өз каалоосу менен талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арыз жазган. Андан кийинки орунда турган Н.Арзыбаев мандат алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн