Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокатта “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн

Ноокатта “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн

Ноокат районунда “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


10-ноябрь күнү Ноокат районунун Зулпуев айылында Ош-Баткен-Раззаков  унаа жолунун 24-25- чакырымында унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине №71 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 14:15 өрт чектөөгө алынып, толук саат 17:27 өчүрүлдү.


Өрттүн кесепетинен  “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок. 


Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн