Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокатта Mercedes-Benz Sprinter сарайды сүзүп, бир адам каза болду

Ноокатта Mercedes-Benz Sprinter сарайды сүзүп, бир адам каза болду

Ноокат районунун Байыш айылынын Көк-Бел көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сарайды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир киши каза болуп, бир киши жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кырсыктан 1988-жылы туулган М.Н. аттуу эркек киши каза болуп жана бир эркек киши (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.


Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн