Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ноокатта маданият үйү 0,99 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды

11.02.2022 15:47
1017
Ноокатта маданият үйү 0,99 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды

Ош областынын прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объекттерин жер тилкелери менен мамлекетке кайтаруу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Алсак, Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн имараты 0,99 га жер тилкеси менен бирге У.А. атуу жарандын жеке менчиги деп табылган.


Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун каралуусунун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган. 


Прокурордук актынын негизинде баасы 69 млн 405 миң 700 сомду түзгөн маданият үйү 0,99 Га жер тилкеси менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн