Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ноокатта милициянын малын багып берген жаран акысын ала албай жатат

12.01.2023 13:26
231
Ноокатта милициянын малын багып берген жаран акысын ала албай жатат

Ноокатта милиция кызматкери менен малчынын талашы боюнча териштирүү жүрүп жатат.


2022-жылдын 12-декабрь күнү Ноокат районунун Найман айылынын тургуну 35 жаштагы Б.Ж.Ноокат райондук прокуратурасына арыз менен кайрылган.Анда Ноокат РИИБнин кызматкери Р.Мдин малдарын 2019-жылдын август айынан 2022-жылдын январь айына чейинки аралыкта багып бергендигин. 2022-жылдын январь айында малдарын алып кеткендигин, оору тийип өлүп калган малдардын ордуна башка адамдардын 11 баш малын алып кеткендигин, 3 жыл мал баккан эмгек акысын бербей коркутуп жаткандыгы туурасындагы мазмунда арыз менен кайрылган.



Бул арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүп төмөндөгү жагдайлар аныкталган: Ноокат РИИБнин кызматкери милициянын майору Р.М жакшы таанышы Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.Жга 2017-жылдын сентябрь айынан баштап малдарын багып берүүгө тапшырып келген. Жай айында жайлоого, кышындасы кыштоого бакканга чөп, жемин алып берип, айына 7500 сомдон эмгек акысын төлөп жүргөн. Эгерде жайлоодо өлсө өлүгүн көрсөтсө малды төлөбөй турган, кыштоого түшкөндө карабай өлтүрсө төлөй турган болуп келишимдин негизинде бактырган. 2022-жылдын январь айында кыштоодогу малдарды көргөнү барган учурда мал багылган короонун ичинде 7- 8 баш мал өлүп жаткандыгына күбө болуп, малдарын сураганда толук көрсөтө алган эмес. Малдар суук жерде арыктап тоңуп калгандыгын көрүп малдарын бактырбастан алып кетүүнү чечип малдарын жүктө дегенде 20 баш малдын ордуна 17 баш мал жүктөп берген. Калган 3 баш малын сураганда өлүп калгандыгын билдирген.Бирок малдардын өлүгүн көрсөтсө алган эмес. Милиция кызматкери Р.М дин айтуусу боюнча ошол малдарды алып кеткен күнү мал баккан Б.Жга мал баккан акысы үчүн 11 миң сом карызы калгандыгын ал акчаны 3 баш малын төлөп бергенде бере тургандыгын билдирген.Ошондой эле жүктөп берген 17 баш малынын бири жолдо өлгөндүгүн эки баш малын бир күндөн кийин өлгөндүгүн билдирген. Арыз ээси менен мал ээсинин көрөсөтмөлөрүндө ача пикир келип чыккандыктан юридикалык баа берүү максатында топтолгон материалдар 2022-жылдын 15-декабрь күнү Ноокат райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Учурда териштирүү иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн