Чүй облусунун Новопокровка айылындагы каналдан 30-35 жаштагы азият улутундагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сөөк тууралуу маалымат 22-март күнү саат 11:04төр чамасында келип түшкөн.
Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн