Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:19
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ноябрда республика боюнча бир нече күн маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт

10.11.2022 17:07
410
Ноябрда республика боюнча бир нече күн маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт

Кыргызстанда ноябрь айында бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт.


 “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун башкы директору Айбек Айдаралиев билдиргендей, Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун алкагында анын экинчи гидроагрегатынын гидромеханикалык жабдыктарын жана затворлорду оңдоо иштери аягына чыгып калды.


"Учурда жабдыктардын иштөө мүмкүнчүлүгү сыноо режиминде текшерүүдөн өтүүдө. Биз бардык жабдыктарды иштетип көрүшүбүз керек. Алгачкы план боюнча, агрегатты ишке киргизүү 15-ноябрга белгиленген. Бирок, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу 11-ноябрда ишке киргизүү чечими чыкты. Мындан улам, экинчи гидроагрегатты ишке берүүдө анын жанындагы агрегаттарды өчүрүүгө туура келет. Ал учурда электр тармагында дефицит пайда болуп, бүгүн жана эртең жарык үзгүлтүккө учурашы мүмкүн", - дейт ал.


Айдаралиев ушул жылдын ноябрынын аягында Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке берилип, анда дагы өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин кошумчалады.


“Жарык бир саатка өчүрүлүшү мүмкүн”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн