Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:42
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Нур- Султан шаарына орнотула турган “Манастын” айкелинин эскизи тандалды

22.12.2021 18:17
2552
Нур- Султан шаарына орнотула турган “Манастын” айкелинин эскизи тандалды



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Казакстан Республикасынын Нур- Султан шаарында орнотула турган “Манастын” айкелинин эскизине жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Жеңүүчү катары скульптор Үрүстомбек Пазылов табылды. Ага жеңүүчү катары 120 000 сом акчалай каражаты тапшырылат.


Жеңүүчүлөрдү жарыялоо отурумуна Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип төмөнкүлөргө токтолду;


"Министрлик, 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын комплекстүү планын аткаруу максатында Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ачык чыгармачылык сынак жарыялаган. Бардык эмгектерди баалоо иштери калыстар тобу тарабынан жашыруун өттү. Жеңүүчү катары табылган скульптор Үрүстомбек Пазылов менен мындан ары иштешебиз. Буга чейин сунуш кылынган айкелдин эскизин талкуулоо эми, Министрликтин көркөм эксперттик комиссиясында каралат. Ал эми, скульптор Үрүстомбек Пазылов айкелдин эл аралык деңгээлде коюула тургандыгын эске алуу менен, Нур- Султан шаарынан бөлүнүп бериле турган жер тилкесинин ыңгайлуулугу менен бирге, комиссиянын сунушу менен кошумча толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүсү шарт деп бидирди. Айкел орнотула турган жер тилкеси менен таанышуу үчүн, атайын алдын алуучу жумушчу топ Нур- Султан шаарына барып келүүсү керек, деп билдирди министр. 


Эскерте кетсек, 2021- жылдын 20-майында Министрлик тарабынан “Манастын” айкелин Нур- Султан шаарында орнотуу үчүн айкелдин эскизине ачык сынак жарыялаган болчу.


Ал эми, сынакка катышып, 2-3 -орундарды жеңген скульпторлор Азамат Абдрахмановго 80 000 (сексен миң), Базарбек Сыдыков жана Аскар Турумбековго 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты тапшырылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн