Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нурдинов: Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар органдар, бетиңер кичине болсо да кызардыбы?

07.07.2021 15:37
776
Нурдинов: Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар органдар, бетиңер кичине болсо да кызардыбы?

Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси бар органдар бетиңер кичине болсо да кызардыбы? Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов билдирди.


"Чек ара кызматы бул боюнча күнөөңөрдү сезесиңерби?",- деди депутат


"Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин өзүбүзгө да беребиз",- деди Уларбек Шаршеев.


Депутат андан кийин УКМК, ИИМ жана ТИМ кызматына да ушундай эле суроо узатты. Бирок жооп Шаршеевдин жообундай эле болду.


"Силер аябай жакшы иштеп жаткан турбайсыңарбы? Ушунтип иштей бергиле баарыбызды уурдап кетсе да жакшы иштеп жатабыз деп отура бергиле. Иштериңерге ийгилик",- деди Нурдинов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн