Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Нурланбек Шакиев Беларусь элчиси менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады

14.02.2023 12:58
277
Нурланбек Шакиев Беларусь элчиси менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. 


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу тууралуу сөз болуп, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.


Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салып: “Бирок биздин байланыштарыбыз терең, узак жылдарды камтыйт. Андыктан, калыптанган достук, өнөктөштүк алакаларды мындан ары да өнүктүрүү менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты да кеңейтүүбүз кажет”, – деди.  


Муну менен катар парламенттер аралык байланыштар тууралуу да сөз кылган Төрага Жогорку Кеңеш Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын эки палатасы менен тең тыгыз иш алып барууга даяр экендигин кошумчалады.


Ошондой эле жолугушууда соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү тууралуу да сөз болуп: “Бул жаатта эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы жигердүү иш алып барууда. Өткөн жылы аталган комиссиянын 10-отуруму Ош шаарында өтүп, байланыштардың чыңдалышына өбөлгө түзүлдү. Алсак, Кыргызстан Беларусь Республикасы менен бардык тармактар боюнча, анын ичинен инвестиция тартуу, айыл чарба техникаларын жана коомдук транспортторду алуу жаатында кызматташууга кызыкдар”, – деди Нурланбек Шакиев.


Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко да эки элди орток тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеп, Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда кыргыз жоокерлери Беларусь жергесин душмандардан бошотууга зор салым кошконун эске салды. 


Андан тышкары элчи кызматташтыкты тереңдетүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолуп, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу тууралуу сөз болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн