Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Нурланбек Шакиев Жайыл жана Панфилов районуна иш сапары менен барды

16.12.2022 12:35
327
Нурланбек Шакиев Жайыл жана Панфилов районуна иш сапары менен барды


Бүгүн, 16-декабрда КР ЖК Төрагасы Нурланбек Шакиев Жайыл районундагы иш сапарынын алкагында Новониколаевка инновациялык орто мектебинен кабар алды.


Алсак, аталган билим берүү мекемеси эки корпустан туруп, анын бири 1960-жылы курулса, экинчиси 1983-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы 975 окуучуга ылайыкташтырылганы менен азыркы тапта 2500дөн ашуун окуучу билим алат. Андыктан, кошумча жаңы окуу корпусуна муктаж. Ага ылайык, 600 орундуу имарат куруу мерчемделүүдө.


Мугалимдер менен баарлашкан өрага Нурланбек Шакиев акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, айрыкча мектептердин курулушу жигердүү жүрүп жатканына токтолду.


Муну менен катар агартуучулардын маянасы көтөрүлгөнү менен бул дагы жетишсиз экенин белгилеп, жакынкы аралыкта айлык маселеси дагы караларын кошумчалады. 


“Жаштар биздин келечек деп келебиз. Андыктан мамлекет алардын татыктуу таалим-тарбия алышы үчүн керектүү шарттарды түзүп, мугалимдерди колдоого алышы керек”,– деди төрага.  


Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондоруна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында аймактагы социалдык мекемелердин абалы менен жеринде таанышып, айрым өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.


Ал эми иш сапарды орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Карим Ханджеза, билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, финансы министринин орун басары Руслан Суйналиев, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев баштаган Министрлер кабинетинин тармактык өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коштоп жүрөт. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн