Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:04
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нурланбек Шакиев баштаган 4 депутат Россияга иш сапары менен барды

13.04.2023 10:34
426
Нурланбек Шакиев баштаган 4 депутат  Россияга иш сапары менен барды

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.


Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп барды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн