Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиядагы сапары маалында тартылган, учурда социалдык тармактарда талкуу жараткан сүрөтүнө байланыштуу анын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев түшүндүрмө берди.
"Расмий сапардын алкагында жолугушуулар, сүйлөшүүлөр эртең (22-ноябрда) башталат. Бейрасмий тосуп алуу маалындагы сүрөттү жарыялап, ар кандай олдоксон пикирлерди жазуу, талкууга алуу акылга сыйбаган көрүнүш. Кыргыз - түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси С. Өзтүрк менен Жогорку Кеңештин төрагасы жана делегация курамындагылар аба майдандын VIP залында жөн гана ал-жай сурашып, учурашып отурган сүрөттү талкуулоо жана аны бурмалап, коомчулукту удургутуу осол иш деп эсептейм", - деп жазды.
Мунун алдында социалдык тармактарда Шакиевдин калың күрмөсүн жана калпагын чечпей, галстугу жок жолугушууда отурган сүрөтү жарыяланган жана анын дипломатиялык протоколду сактабаганы сынга алынган.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн