Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нурмухамед Какабаев, түркмөн жазуучусу: Эне мээрими...

18.01.2024 12:26
3305
Нурмухамед Какабаев, түркмөн жазуучусу: Эне мээрими...


(Аңгеме)


Жаш аял башын өйдө көтөрүп, палатадагы жаңыдан төрөгөн аялдарга айландыра саресеп салды. Огултачка эч кимиси назар салбады. Сөзгө катуу киришкен аялдар терезени тынымсыз черткилеп жатканды угушкан да жок. Бөтөнчө жашы бир топко барып калган аял сөзмөр эле. Анын сөзүн эч кайсы келин бөлө албады.


- Билесиңерби, менин чалыма «уулдуу болдуңуз!» деп сүйүнчүлөшкөндө, ал «кезектеги неберем көз жарса керек» деп ойлоп, мага кабарлап, шириндик бергени издей баштаптыр. Биздин улуу келинибиздин да боюнда бар. «Ошонуку го» деп түкшүмөлдөгөн чыгар.


- Мүмкүн дароо эле ишене бербегендир, Аннабике эже? - аялдардын бири ууртунан жылмайып койду.


- Ооба десең. Мен жакында «эр ортону элүүгө» чыгып жатпаймынбы. Туура, биз дайыма балдарыбыздын саны теңме-тең: беш уул, беш кыз болсо деп самачубуз. Эми кечиксек да бул тилегибизди ишке ашырдык. Карылар да жаштардай эле көздөгөн максатына жете алышат.


- Ой, Аннабике эже, тамашаңызды койсоңузчу, - жаш келин ийменип саал уяла түштү. 


- Эмне болуптур? Менин чалым менен жашаганыңарда көрөт элем. Мейли унчукпай эле койдум, кана силерди угайынчы...


- Аларга көңүл бурбаңыз, Аннабике эже, - кошуна койкадагы келин колдой кетти. -- Эң башкысы, наристе сак-саламат жана өзүнүн ысымына татырлык болсо болгону да.


- Мен аны Бяшим деп атагым келди, - колун өйдө кылып жандана түштү Аннабике эже, -- бирок, үй-бүлөлүк масилетте Гахрыман деп атоону чечтик.


- Жакшы ысым, татыктуу ысым, - аялдар колдоп кетишти. Энесин баатыр кылган ымыркайды бекеринен Гахрыман деп аташпаса керек. Баатырларча өсүп-өнсүн уулуңуз!


Бака-шака түшүшкөн аялдар эми гана эстерине келишти. 


- Ой, бирөө терезени черткилеп жатыры. Аннабике эже, сизди бир аксакал чакырып жатат.


- Вай, менин чалым келген көрүнөт! - Аннабике эже карбаластап шашып калды. - Кыздар силер ордуңардан турбай жата тургула. Менин күйөөм абдан уялчаак.


- Эмнеге өзүңүз жетип келдиңиз? - деп жароокерлик менен жолдошунан сурады, - Балдар эле келишсе болмок. Дагы толтура тамак-аш алып келгенин карагыла!


Бул убакта Огултач керебетте сыртка саресеп салып отурган. Ал азырынча аялдардын эч кимиси менен жакындан тааныша элек. Аңгемелешүүлөрдөн улам Аннабике эженин онунчу перзенти төрөлгөнүн, ал байы менен үй-бүлөсүндө абдан бактылуу экенин билди.

Палатага бөбөктү көтөргөн мээрбан айым кирди. Жаш апалар куду бир буйрук берилгендей бир нерсени күтө тынчтана калышты. Мээрбан айым Огултачты көздөй басты.


- Апасы, алып эмизип коюңуз. Көптөн бери ыйлап жатат. Сагынып калды көрүнөт. Огултач кубанганынан шашып кетти. Баланы колуна кандайча алууну биле бербеди.


- Муну карасаңар! - мээрбан айым башын чайкады, - Таптакыр бала көтөрбөгөндөй. 

Огултач арга жок ыйлап жиберди. 


- Көз жашты төгүүнүн кереги жок! - Мээрбан айым жумшара түштү. - Сүтүңүз ийип кетиши мүмкүн. Биринчи балаңызбы? 


Огултач «ооба» дегендей башын ийкеди. Тиги кыз анын жүзүнө марлиден орогучун таңып ырымкайды кантип эмизүү керектигин көрсөттү. Баланын эрини эмчектин үрпүнө тийе баштаганда Огултачтын ички дүйнөсү аңтарылып, бүткөн боюн кубанычтуу сезим ээлеп алды. Тамагы буула түштү. Кубанычтын көз жаштары төгүлө баштады. Бул перзентти ал канча жылдар бою күтпөдү беле! Жыпжылуу бир адамзаты, өз канынан жаралган наристе алсыз жана ишенимдүүлүк менен анын колунда бейкапар жумшак эриндери менен чубуруп куюлуп турган эне сүтүнүн агымын таап жатты. Ага бул перзентти мурда эле түшүндө көргөндөй бир сезим «кылт» этти. Ооба, так ушундай, колунда орогучу бар, төгөрөк көзү кочкул кызыл, бүркүт мурдун болсо атасы Гуванчтыкындай элестеткен болчу. Огултач уулуна чексиз мээрими, махабаты жана зор кызыгуусу менен телмире тиктеп отурду. Ал эми курсагы тойгон бала келиндин колтугуна башын шылкыйтып дароо уйкуга кирди. Огултач өзүн мынчалык кубанычка бөлөгөн сезимин кимдир бирөө менен бөлүшкүсү келди. Бирок тегерегиндеги аялдардын бардыгы бөбөктөрү менен алектенишип, ошондой эле ыракатка чулганып жатышкан. Бир гана Аннабике эже баласын соорото албай койду.


- Ушундай чүрпөм, энекеңден сүт чыкпай калыптыр, - уулун алдейлеп үшкүрүнө кетти. 


- Аннабике эже, келиңиз, Гахрыманды мен эмизип коёюн, - аялдардын бири сунуш кылды, - Гюлялек тойгон бойдон уктап калды.


- Ой, Соня-жан, сен эмизип койсоң мен абдан ыраазы болор элем. Бирок менен ырымдарга ишенем, - Аннабике эже макул болбоду. - Кокусунан биздин балдар чоңоюшканда бири экинчисин сүйүп калышса не болот? Биз Гюлалекке куда түшкөнү барсак, сен «жок, булар эмчектеш аке-карындаш» десең не айла кылабыз? 

Палатадагы келиндер шарактап күлүп калышты.


- Келиңиз мен эмиздирейин, - Огултач сунуштады, - Сиздин уулуңуз менин Бегенчим менен бир тууган болушат.


- Садагаң болоюн кызым! - деп Аннабике эже аны көздөй шашып барды. Огултач Бегенчти аста жаткырып коюп колуна Гахрыманды алды. Ачка калган бала анын көкүрөгүнө жабыша түштү. Дагы бир жолу эне мээрими анын бүткүл боюн аралап өттү. Гахрыман деген жакшы ысым. Огултач ойго чөмүлдү. Эми ал менин уулдарыма ага болот. Ой, бул эмне дегеним? Отуздан ашканда мындай бакытка дагы туш болор бекемин? Анын ички дүйнөсүн оорчулук басты. Ал он жыл бою энелик бакытты кандайча күткөнүн эскерип отурду.


Огултач он тогузга толгондо турмушка чыкты. Ал мугалим болууну самай турган. Бирок кирүү экзамендеринен кулап калса болобу. Ага карабай өз бактысын Гуванчтан тапты. Алар бактылуу, бардар турмушта жашашты. Бирок, өкүнүчтүүсү, балалуу болушпады. Алар өз ара бул тууралуу сүйлөшүшкөн жок. Бирок, Гуванч өзүнөн өзү чөгүп, унчукпас, кээде ичкиликке берилчү болду. Огултач унчукпастан баарын ичине катып, күйөөсүн урушпады, нечен түндөрдү көз жашын төгүп кечирди. Кээде Гуванч түнкүсүн уйкусурап болочок уулуна ат коёр эле. Бирок, Огултач аны бир да жолу күнөөлөгөн жок. 


Жылдар сызып өтө берди. Алтындай болгон бала жөнүндө тилек-үмүттөр таш каап жатты. Огултач жолдошунан жашырынып алып ар кайсы көзү ачыктарга, табыптарга кайрылып, ырым-жырымга ишене баштады. Бир ирет Гуванч сезип калганбы, суроо салды:


- Жасанып алып кайда бара жатасың?


Бул суроо анын шаштысын кетирди. Шашыла жооп узатты:


- Аннагүлгө баратам. Көрүшпөгөнүбүзгө жарым жылдай болуп калды.


- Жүрү, анда чогуу баралы, - Гуванч сунуш кылды. - Жолубуз бир экен. 


Огултач не кыларын билбей алдастап калды.


- Жо-жок, мен шириндиктерди да сатып алышым керек. Сен ашыгып жатасыңбы?


- Эгерде шириндик алгың келсе жолдон дүкөнгө кире коёбуз, - күйөөсү тынчсыздана түштү. - Момпосуй жана печенье алсаң болор дейм.


Огултачтын макул болуудан башка аргасы калбады. Жол бою ал Гуванчты бир нерсе эзип жатканын баамдады. Эмне экенин да түкшүмөлдөдү. Өзү сөз баштагысы келбеди. Алар акыры жетишкен соң Огултач бир нерседен кутулгандай дем алды. Качан ал машинадан түшө баштаганда Гуванч кокусунан кайрылып калды:


- Мен сенден бир нерсени гана өтүнөм, Огултач, мындан ары көзү ачыктарга кайрылбай эле койчу. Врачтарга көрүнсөң боло! Эгерде бешенебизге жазылган болсо балалуу болорбуз. Эгерде эч нерсе жардам бербесе, балдар үйүнөн деле аларбыз.


Гуванчтын сөздөрү Огултачтын жүрөк-боорун эзип жиберди. Ал дарбазаны көздөй чуркап жөнөдү. Бирок баланын ыйын угуп токтоп калды. Эшиктен жеңеси Аннагүл чыга келди.


- Ой, Огултач-жан! Ал колун жая таңкалды. - Өз убагында келбедиңби. Баса кой тезирээк.


Огултач босогодон ишенимсиз аттап өтүп, баланын ыйы угулуп жаткан кошуна бөлмөгө абай салды. Жеңеси эшиктен «шып» эте кирип кетип, бир аздан соң колуна наристесин көтөрө чыкты. 


- Кармай турчу, Огултач! - ал баланы узатты, - Кызым ыйлап калбасын. Мен «тез жардам» келгенче каралаша турайын. 


Огултачтын жүрөгү дүкүлдөп сого баштады. Толкунданганынан улам эсинен танып кете жаздады. Атүгүл анын колунан бөбөктү алып кетишкенден кийин да бир топко чейин өзүнө келе алган жок. Кайра тартканда жол бою Огултач ыйлап, көз жашын көлдөтүп келди.


Аннагүлгө айылчылап баргандан жана күйөөсү менен баарлашкандан кийин Огултачтын көзү ачыктарга болгон ишеними азайып, көңүлү сууду. Эми ал жолдошунун айтканынан чыкпас болду. Демек врачка гана көрүнүү керек. Курортко гана баруу парз. Акыры көптөн зарыга күткөн кубанычтуу кабар келди. Ким билет мурдатан эле көзү ачыктар менен табыптарга эмес, дарыгерлерге кайрылганда Бегенчтен башка да балалуу болушмак беле... 

Огултач ойлорунан ойгонуп кошуналарына көз жүгүрттү. Аялдар абалкысындай эле эмненидир кызуу талкуулап жатышты. 


- Менин күйөөм бул жерге таптакыр келбейт, - бирөөсү үшкүрүнө кетти. - Андан бир да жолу жардам күткөн эмесмин. Кайын сиңдим баарын жайгарып жатса керек. Күйөөм «алтынчысы да кыз болду» деп таарынып келбей жатат. Буга мен күнөөлүүмүнбү? Кудайым ушундай перзенттерди бергенине кубанса болмок. Мына Огултач он жыл бою зарыга күтүп жүрүптүр го! Жолдошу түшүнүптүр.


- Ооба, чыдамкайлар, сабырдуулар дайыма өз максаттарына жетишет, - Аннабике эже баса белгиледи. -- Эч нерсе эмес силер да уулдуу болосуңар. Анан калса кыз же уул болобу, кандай айырмасы бар? Эң башкысы балалуу үйдүн базар болгону жакшы. 


-- Мен да ошентип ойлойм, Аннабике эже. Бирок, кээде кыз бала бирөөнүн бүлөсү дегенди угууга туура келет. Турмушка чыгып тууруна, күйөөсүнө кетип калат дегендей.


- А меники болсо жалаң уул балдар, - дагы бир аял сөзгө аралашты. - Мен кыз же уул болорун билмек белем. Эң башкысы балдарыбыз аман-эсен эрезеге жетишсе болгону. А кээде кандай болот? Эми эле уулдарым мага жардамдаша баштаса, атасы келип, «бул эркектин жумушу эмес» деп уруша баштайт. Балдар не кыларын билбей алдастап калышат. Улуусу атасынын так өзүн тарткан. Чырпык учун да сындырып койбойт. Кенжетайым мени тартса, эми аны да буза башташты. 


- Койсоңчу Гүлнабат! - Аннабике эже аны жайгаргысы келди. - Алар али кичинекей да. Көп нерсени түшүнүшпөйт. Балдарың бат эле чоңоюп калышат. Капаланба, акырындап баары жайына түшөт. Акыл-эси кирет. Баары ойдогудай болот. 


- Эгерде баары атасын тартып өсүшсө, менин эле шорумдун катканы, - Гүлнабат оор үшкүрүндү.


- Эч кимди күнөөлөй албайсың. Мындай жубайды өзүм тандап алгам. Улуу агамды уяткарып тууган-уруктун айтканына карабай тийип алгам. Мындай болуп кетерин кайдан билиптирмин? «Сүйүүнүн көзү сокур» деп бекеринен айтышпаса керек. Мен анын сырткы сулуулугун гана карап, ички дүйнөсүн аңдаган эмес экенмин, аттиң! Эми минтип күйөөм тирүү туруп, өзүмдү жесир катындай сезип жатам. Каалаган маалда келет, каалабаса чыгып кетет. Анын мас же соо экени мени кызыктырбашы керек экен. Мына төрөт үйүнө да ансыз эле келип калдык. Мүмкүн алигиче кабардар эместир. 


Өз курагына карабастан бетин бырыш баскан Гүлнабаттын бул аңгемесинен соң палатада тынчтык өкүм сүрүп турду. Ар кимиси өз көйгөйү менен убара.  Огултач да ички дүйнөсү аңтарылып, тынчсыздана баштады. Капилеттен «Гуванч неге келбей жатат? Кантип эле бош убактысы болбосун? Балким достору менен жууп жүргөндүр?». Бирок, мындай жаман ойлордон оолак болду. Жок, жок! Мен эмне болуп жатам? Ал жана эле келип кетпедиби. Аны алтынчы кызын төрөп жолдошун капаланткан Шемшаттын үнү ойлорунан бөлүп жиберди. 


- Мына Гуванч шашып-бушуп келатыры. Колунда гүлдестеси да бар. Кандай чыдамсыз эр. Атүгүл тыныгуу учурунда да кабар алганын кара. Балким төрөткананын короосунда түнөп чыгар...


Аялдар шатыра-шатман күлүп калышты. Огултач да күлдү. Ал дароо кыжалатчылыктан арыла түштү. Азыр ал үчүн эң башкысы, терезенин ары жагында күтүп турган күйөөсү жана Гуванчтын мурдун каптап койгондой опокшош тунгуч перзенти Бегенчгелди эле.


Орусчадан которгон Адылжан Жажанов 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн