Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Нурсултан Назарбаевдин каза болгондугу тууралуу маалыматтар тарап жатат

16.03.2020 14:43
5838
Нурсултан Назарбаевдин каза болгондугу тууралуу маалыматтар тарап жатат


Казакстандын мурдагы президентти Нурсултан Назарбаевдин каза болгондугу тууралуу такталбаган маалыматтар байма-бай тарап жатат. 


Мындай маалымат менен бөлүшкөндөрдүн бири Мухтар Аблязов аттуу facebook колдонуучусу өз баракчасына, муну менен Казакстанда саясий абал өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдорун жазып чыкты. 


Анын пикиринде, азыркы президент Касым-Жоомарт Токаевдин саясий абалды башка нукка өзгөртүү боюнча жөндөмү аз, бирок мындай учурда кызмат ордун сактап калуу аракетин көрүшү мүмкүн. 


Ачык көрүнүп тургандай, Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен Тимур Кулибаев-Масимовдор тобунун ортосунда бийлик үчүн күрөш жаралат, дейт ал. 


Бул маалыматты расмий органдар тастыктай да төгүндөй да элек.


Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев үстүбүздөгү жылы 6-июлда 80 жашка чыкмак.     


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Токур
Кайдан алынган кабар?