Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:25
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты

24.07.2021 13:20
788
Ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты

Бүгүн, 24-июлда Баткен районунун Ак-Суу айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылындагы такталбаган аймакта — Кум-Мазар деген жерде эки тараптан ок атышуу болгон. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


Маалым болгондой, такталбаган аймакта — Кум-Мазарда 60 чакты тажик жараны ишембилик жүргүзүп башташкан. Ошондо кыргыз тургундары такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүгө каршы пикирлерин билдирип, нааразычылык жаратышкан. Ошол маалда тажик тараптан ок чыккан. Андан кийин эки тараптан ок атышуу болду.


Учурда ок атышуу токтоп, ал жерде эки тараптын чек ара кызматкерлери жүрүшөт.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Асман шаарыны койуп чек араны тактасанар