Октябрь айынын башында мыйзам күчүнө кирсе жаңы тариф боюнча эсеп дүмүрчөктөр бериле баштайт. Мындай пикирин Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы тариф саясатында элге болгон баа көтөрүлбөйт.
"Жаңы тариф саясаты менен баарыңыздар таанышсыздар. Ал президент, министрлер кабинети жана атайын адистер менен кеңешилген",- деди министрдин орун басары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн